Бишкекке Бириккен Араб Эмирлигинен учуп келген кыргызстандыктар Дубай шаарынан коронавирус илдетине анализ тапшыргандан кийин учакка отурушкан. Бул тууралуу Govori.TVга чартердик каттам менен учуп келген жаран билдирди.
Анын айтымында, COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо максатында жеке коргонуу каражаттарын колдонуу менен жүргүнчүлөр аба майдандын перронунда тейленип, андан кийин алар обсервацияга жөнөтүлгөн.
«Бүгүн, 10-майда, Бишкекке Бириккен Араб Эмирлигинен кыргызстандык жарандар 14:30дар чамасында учуп келдик. Дубайдын аэропортунан коронавируска карата анализден өттүк. Ал эми анализдери таза чыккан жарандар Бишкекке келүүгө мүмкүнчүлүк алды»,-деп билдирди жаран.