• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дубайда жарылуу болду

8 Теке 202110:19 Бишкек Govori.TV

Дубай шаарындагы портто жарылуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

7-июль күнү кечинде дүйнөдөгү ири порттордун бири деп эсептелген «Жебель-Али» портундагы жарылуу 130 контейнерлик аймагында болгон.

2,5 сааттан кийин Дубайдын жарандык коргонуу департаменти кырдаал толук көзөмөлгө алынганын жарыялады. Алдын ала маалыматтар боюнча, каза тапкандар жок.

Количество просмотров: 486