• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Душанбедеги лицейлердин биринде мугалим өпкө оорусунан каза тапкандан кийин окуучулар таратылды

23 Чын куран 2020 10:29 Бишкек Govori.TV

Душанбедеги лицейлердин биринде дене тарбия мугалиминин өлүмүнөн кийин окуучулар таратылды. Кесиптештеринин айтымында, Хуршед Каримов өпкө оорусунан каза тапкан.

Лицейде 400дөн ашуун окуучу билим алат. Балдардын ата-энелерине лицей убактылуу жабылганы жана сабактар качан башталары тууралуу кошумча маалымат берилери айтылды.

Душанбе Саламаттык сактоо башкармалыгы тынчсызданууга негиз жок экенин, план боюнча №1 лицейде дезинфекция жүргүзүлөрүн гана маалымдады.

Лицейдин мугалимдеринин бири Хуршед Каримов эки апта мурун пневмония белгилери менен ооруканага жаткырылганын билдирди.

Маркумдун туугандарынын биринин айтымында, Хуршед Каримовдун сөөгү жакындарына берилген эмес, аны хлорго чыланган кепин менен көмүшкөн.

Тажикстан бийлиги өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктургандар жок экенин билдирип келет. Бирок соңку күндөрү бир нече киши пневмониядан улам өмүр менен кош айтышып, эл арасында шектенүүлөрдү күчөттү.

Количество просмотров: 119