• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

«Дженго» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

7 Бирдин айы 2023 14:47 Бишкек Govori.TV

Опузалап акча каражатын талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталып, К. Досоновдун «Дженго» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Э.А.А. жана Ж.С.Т. кармалышты.

Бул факты боюнча КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Азыркы учурда кармалгандарга, Ош шаардык сотунун чечими менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. Кыргыз Республикасынын УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана шериктештерине каршы аракеттенүүнү улантууда. Ошондой эле, КР УКМК, жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуулар болсо бардык фактылары боюнча кайрылууга жана билдирүүгө чакырат»,-деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 7831