Ысык-Көл облусунун Эңилчек тоолорунан табылган белгисиз адамдын сөөгү аңчылык лагеринде эки адамды өлтүрүүгө шектелген Сергей Смирнов экени тастыкталды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маркум — Сергей Смирнов 2019-жылы «Хан-Теңири» лагеринде 2 адамды өлтүрүүгө шектелип, изделип жаткан. Смирнов кандуу окуядан кийин курал менен тоолордун арасына качып кеткен. Аны издөө иштерине бир катар органдар катышып, жыйынтык болгон эмес.
Анын жансыз денеси 9 айдан кийин тоодон табылып, жанынан ок атуучу курал (карабин) алынган. Ал өз өмүрүнө кол салып, башына ок аткан.
«Анын баш сөөгүндөгү мүнөздөмөгө караганда, өзүнүн жанын өзү кыйган», — деп айтылат маалыматта.
28 жашында көз жумган Сергей Смирнов Түптө төрөлүп, балдар үйүндө өскөн. Ал көп жылдар бою туристтерди тоолорго жеткирип тургандыктан, ошол аймактын сырын жакшы билген. «Тур Хан-Теңгри» лагерине жумушка 2019-жылдын жазында кабыл алынган.