• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Энрике Иглесиастын Ташкенттеги концертине Алишер Усманов демөөрчү болот

25 Бештин айы 2017 15:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.12.17.Govori.TV

28-декабрда Ташкентте белгилүү испан ырчысы Энрике Иглесиас концерт коёт. Art Uz Promotion Agency маалымдагандай, бул иш-чара өзбек тектүү белгилүү орус олигархы Алишер Усмановдун колдоосу менен өтөт.

Билеттерди Өзбекстан Маданият министрлиги менен Өзбекстан Жаштар биримдиги таланттуу жаштар арасында бекер таратат. Мындан сырткары  жашкы окуган жана коомдук иштерге жигердүү катышкан улан-кыздар Энрике Иглесиастин концертине баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Энрике Иглесиас – Алишер Усмановдун чакыруусу менен ушул айда Өзбекстанга концерт койгон үчүнчү чет өлкөлүк ырчы. Декабрда Ташкентке орус олгигархынын колдоосу менен британ ырчысы Робби Уильямс менен белгилүү испан опера ырчысы Хосе Каррерас келип кетишкен.

Жергиликтүү ММКлар маалымдагандай, батыш артисттеринин коцерти Алишер Усмановдун өзбекстандыктарга арнаган жаңы жылдык белеги болот.

Количество просмотров: 4