“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы Эгемендүүлүк майрамына карата Ала-Тоо аянтындагы жашыл аймактарды көркүнө келтирип баштады.
Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жашылдандыруучулар “Эмен” сейил багындагы , “Эркиндик” бульварындагы, “Улуттар достугу” кичи сейил багындагы жана борбордун көчөлөрүндөгү чөптөрдү чаап жана отоо иштерин жүргүзүштү.
Ошондой эле Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы гүлзарлар, Пушкин көчөсүндөгү жана “Эмен” сейил багы менен Өкмөт кичи сейил багындагы гүлзарлар отолуп шаар тургундарын көңүлүн ачууга даяр.
Жашылдандыруучулар Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишине тамыр системасы жабык бадалдардын жана ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн отургузушту. Эми бош турган бурч бак көчөттөрү менен кооздолду.