• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Эгизбаевдин апасы: Уландын иликтөөсүнүн артында коррупциянын жүзү көрүнүп турса дагы, бийлик эч кандай жыйынтык чыгарган жок

12 Бирдин айы 2021 18:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 12-февралда Бишкекте «Журналисттик иликтөөлөр фонду» уюштурган Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Сыйлык быйыл журналисттик мыкты иликтөөлөргө үчүнчү ирет берилүүдө. Иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева баштаган коомдук ишмерлер, саясатчылар, медиа уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер жана Эгизбаевдин жакындары катышты.

Иш-чарада Уланбек Эгизбаевдин апасы  Жыпаркүл Сариевага сөз берилди. Анын айтымында, жаңы бийлик эл менен энелерди ыйлатпашы керек.

«Уландын ар бир иликтөөсүнүн артында канчалаган кылмыш, коррупциянын жүзү көрүнүп турса дагы, бийлик эч кандай натыйжа чыгарган жок. Анын кесепетинен өлкөбүз менен жаштар эмне деген азап-тозокко кабылып келе жатышат. Мына 5-октябрдагы төңкөрүштө жакшынакай балдар көзү менен колунан ажырап, мага окшогон энелер зар какшап отурат. Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт. Ак үйдү Көк үйгө алмаштырып койсоңор эле силер элдин турмушун оңдоп, кыйратып жиберебиз дебей, эл менен энелерди ыйлатпагыла, жаштарды кылыч кылып колдонбогула. Чындап эле Кыргызстан үчүн күйсөңөр алдыга өркүндөткүлө. Кечээ эле диндеги кызматкерлер эмне болуп жатышат? Биз каякка баратабыз? Иликтөөчү журналисттер көп болуп, иликтөөлөрдү жүргүзө бергиле. Карапайым эл силерге ишенет»,-деди Эгизбаевдин апасы.

Количество просмотров: 818