• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Эки КамАЗдын ортосунда калган жаран каза болду

16 Жетинин айы 201923:52 Бишкек Govori.TV

Нарындагы Кара-Кече көмүр кенинде 30 жаштагы жаран эки КамАЗдын ортосунда кыпчылып каза болду. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой окуя 15-ноябрда катталган. Анда Түгөл-Сай айылынын тургуну кагышкан эки КамАЗдын ортосуна кыпчылып, ооруканага жетпей жан берген.

«Түгөл-Сай айлынын 30 жаштагы тургуну  КамАЗ унааларына жол көрсөтүү максатында ортосунан чуркап өтүүгө аракет кылган. Жүк ташуучу унаалар сүзүшүп киши анын ортосунда калган. Маркумду айдоочу  чаңдан көрбөй калган», — деп айтылат маалыматта.


Учурда автоунаалар Жумгал РИИБинин короосуна токтотулуп, тергөө амалдары жүрүүдө.





Количество просмотров: 189