• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Эки жашар Егордун сабалышы. Депутат президентке кайрылды

15 Кулжа 2023 11:42 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында депутат Чолпон Султанбекова сот балдарга зордук-зомбулук көрсөтүп соттолгондун жазасын жеңилдеткен фактыларды сынга алды. Бул маселе коомчулукту тынчсыздандырып жатканын билдирип, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

«Бизге комитетке көп кайрылуулар түшүп жатат, бул теманы көтөрүп жатабыз, бирок маселе курч бойдон калууда. Мындай учурларда кылдат иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөргө катуу жаза колдонуу зарыл. Бирок биздин соттор кылмышкерлерди актап жатат. Жакында Жогорку Сот эки жылдык сыноо мөөнөтүн колдонуп, ал кишини эркиндикке чыгарган. Буга чейин Сокулук соту аны эки жашар Егорду сабап, кыйнагандыгы үчүн беш жылга эркинен ажыраткан», — деди ал.

13-июнда Жогорку сот Сокулукта эки жаштагы наристени кордоп сабаган кишинин өкүмүн өзгөрткөн. Сот ал адамды “коомдон ажыратпай туруп оңдосо болот” деген бүтүмгө келип, беш жылдык түрмөнүн ордуна эки жыл пробациялык көзөмөл жаза чарасын берип абактан чыкты.

Количество просмотров: 71