• Шаршемби 17 Кулжа 2026
  • Среда 17 Июнь 2026

Экоактивисттер аянттагы жаңы жылдык салютту токтотууну талап кылышууда

23 Бештин айы 202211:58 Бишкек Govori.TV

Экологиялык активисттер Бишкек мэриясын жаңы жылдык фейерверкти токтотууга чакырышууда. Бул тууралуу маалымат MoveGreen уюмунун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Активисттер мэрия жаңы жыл түнү калааны каптаган кара түтүнгө карабай, фейерверк аттырууну каалап жатканын белгилешүүдө. Алар ошондой эле жарандарды мындай идеядан баш тартууга чакырышкан.

Эске салсак, мэрия буга чейин жаңы жылды майрамдоо түстүү фейерверк менен жыйынтыктала турганын кабарлап, майрамдык салюттарды уюштурууга шаардык бюджеттен 755 миң сом каралганын билдирген.

Количество просмотров: 147