• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Экономика министрлиги Министрлер кабинетине Антикризистик чаралар планын көрсөттү

24 Жалган куран 2022 11:15 Бишкек Govori.TV

КР экономика жана финансы министри Данияр Амангелдиев социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам аракеттенүү боюнча Министрлер кабинетинин жыйынында 2022-жылга карата Антикризистик чаралар планын көрсөттү.

Анын айтымында, планда дыйкан жана фермерлер үчүн жеңилдетилген насыяларды берүү, жазгы талаа иштеринде дыйкандарды үрөн, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоого көмөктөшүү, ирригациялык курулуштарды оңдоого жана калыбына келтирүүгө каражат бөлүү каралган.

“Бул үчүн дээрлик 37 млрд сом суммасында каражат каралган”, — деди ал.

Мындан тышкары, ведомство башчысы белгилегендей, жалпысынан планды ишке ашырууга 117 млрд 7 млн сом зарыл, анын ичинен республикалык бюджеттен түз чыгымдар 82 млрд сомго жакынды түзүш керек.

Ошентип, Антикризистик чаралар планы 7 багыт боюнча топторго бөлүнгөн:

  • азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана артыкчылыктуу товарлардын баасын турукташтыруу чаралары;
  • социалдык колдоо жана иш менен камсыз кылуу чаралары;
  • каржылык туруктуулук менен камсыздоо чаралары;
  • ишкерлерди колдоо чаралары;
  • инвестиция тартуу чаралары;
  • товар жүгүртүүнү көбөйтүү чаралары;
  • мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун камсыздоо чаралары.
Количество просмотров: 77