• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыкты

28 Чын куран 2020 21:48 Бишкек Govori.TV

COVID-19 вирусунун кесепетинен улам келип чыккан кыйынчылыктарды жеңүү максатында жана экономикалык зыянды азайтуу үчүн экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыкты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  бүгүн өткөргөн  Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинде Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында, ошондой эле Ат-Башы районунда өзгөчө абал режимин 2020-жылдын 10-майына чейин узартуу жана экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен жандандыруу тууралуу чечим кабыл алынганын билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун  баскычтуу тартиби иштелип чыккан критерийдин негизинде жана ага өлкөнүн эпидемиологиялык кырдаалынын тийгизген таасирин эске алуу менен түзүлдү.

«Мисалы, курулуш, айыл чарба, өнөр жай тармактарында илдетти жугузуунун тобокелдиги ортодон төмөн. Кызмат көрсөтүү тутумунда тобокелдик жогору. Ошондуктан бул этапта тейлөө тармагындагы ишканалардын ишмердүүлүгүн толук кандуу жандандыруу кооптуу», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өзгөчө абал режиминде уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн тизмеги

(2020-жылдын 1-майынан тарта)

1. Өнөр жай жана өндүрүш чөйрөсү:

— энергетикалык өнөр жай;

— химиялык жана нефтигаз өнөр жайы;

— машина куруу, прибор жасоо жана электр техникалык өнөр жай;

— тоо кен өнөр жайы, түстүү жана кара металлургия;

— текстилдик жана булгаары-бут кийим өнөр жайы;

— эмерек өнөр жайы;

— курулуш материалдарды өндүрүү

— жана башка өнөр жай жана өндүрүш түрлөрү.

2. Курулуш чөйрөсү:

— курулуш обьектилери;

— сугат, таза суу жабдуулары, ошондой эле каналдар, жолдор жана көпүрөлөр чөйрөсүндөгү подряддык иштер;

— кошо аткарылуучу жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр.

3. Транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсү:

— техникалык тейлөө жана оңдоо, май алмаштыруу жана сырдоону кошо;

— дөңгөлөктөрдү желимдөө жана түздөө;

— жууп-тазалоо жана химиялык тазалоо.

4. Жеке жана мамлекеттик нораиустардын кызмат көрсөтүүлөрү.

5. Соода чөйрөсү:

— интернет дүкөндөр (электрондук коммерция), товарларды жеткирүү, анын ичинде курьердик кызматты кошо;

— курулуш материалдарын дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо;

— кездемелерди жана фурнитураларды дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо 

— автотетиктер, велотетиктер, комплекттөөчүлөр, май жана автосырдоо дүкөндөрү.

6. Чач тарачтар жана салондордун (алдын ала жазылуу боюнча өзгөчө чач кыркуу, чач боео жана жасалгалоо) кызмат көрсөтүүлөрү.

7. Уюшулган таксомотордук кызматтардын кызмат көрсөтүүлөрү (2ден ашык адам салбаганда)

«Иш-аракеттердин ушул багыттарын эпидемиологиялык кырдаалга тийгизген таасири жагынан карап, аларда оптималдуу баланс бар деген бүтүмгө келдик. Ошондой эле бул этапта суроо-талап чоң болгон кызмат көрсөтүүлөр дагы каралды. Фермерлерди колдоо үчүн мал базарлардын иштөөсүнө уруксат берилди. Бирок айрым аймактарда гана. Шаарларда жана Бишкек, Ош, Токмок, Сокулуктагы эл көп топтолгон базарлар азырынча иштебейт», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр өлкө аймагына вирустун кеңири жайылышынын минималдуу тобокелдигине дагы жол берилбеши керектигин белгиледи.

«Биз жарандар жана экономика үчүн булар кандай кедергисин тийгизерин түшүнүп турабыз. Мен кыйынчылыктарга карабастан Өкмөттүн аракеттеине түшүнүү менен мамиле кылып, ишин колдоп жаткан мекендештерге ыраазычылык билдирем», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Какие сферы услуг будут работать с 1 мая

С 1 мая 2020 года в режиме чрезвычайного положения разрешается экономическая деятельность:

1. Сфера промышленности и производства:

— энергетическая промышленность;

— химическая и нефтегазовая промышленность;

— машиностроение, приборостроение и электротехническая промышленность;

— горнорудная промышленность, цветная и черная металлургия;

— текстильная и кожевенно-обувная промышленность;

— мебельная промышленность;

— производство строительных материалов;

— и другие виды промышленности и производства.

2. Сфера строительства:

— объекты строительства;

— подрядные работы в сфере ирригации, питьевого водоснабжения, а также каналов, дорог и мостов;

— сопутствующие работы и услуги.

3. Сфера услуг по ремонту и обслуживанию транспортных средств:

— техобслуживание и ремонт, включая замену масла и покраску;

— вулканизация и балансировка шин;

— мойка и химическая чистка.

4. Услуги частных и государственных нотариусов.

5. Сфера торговли:

— интернет-магазины (электронная коммерция), включая доставку товаров, в том числе посредством курьерских служб;

— оптовая продажа и поставка строительных материалов, за исключением магазинов (оптовые точки/склады/поставщики строительных материалов);

— оптовая продажа (точки/склады/магазины) и поставка тканей и фурнитуры, за исключением рынков;

— магазины автозапчастей, велозапчастей, комплектующих, масел и автокрасок.

6. Услуги парикмахерских кабинетов и салонов (исключительно стрижка, покраска и укладка волос по предварительной записи).

7. Транспортные услуги организованных таксомоторных служб (при посадке не более 2-х человек).

Количество просмотров: 267