• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Экотехинспекциянын мурунку директору кармалды

20 Тогуздун айы 2020 17:23 Бишкек Govori.TV

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мурунку директору Жолдошбек Жунушев кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө тутумундагы коррупцияны жоюу боюнча пландаштырылган иш-чаралардын жүрүшүндө Жолдошбек Жунушевдин жетекчилиги алдында туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында коррупциялык ишке тиешеси бар 6 адам аныкталган.

Ошондой эле билдирүүдө сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жунушев бул коррупциялык схеманы башкаргандыгы, ал мыйзамсыз алынган каражаттардын белгилүү бир бөлүгүн алгандыгы айтылат.

Бүгүн, 20-октябрда Жолдошбек Жунушев Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Количество просмотров: 253