Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гуласал Садырбаева каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.
Садырбаева 1952-жылдын 4-ноябрында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган.
Эмгек жолун 1971-жылы №4 “Жаңы турмуш” орто мектебинде мугалимдиктен баштаган.
1980-жылдан 1992-жылга чеийнки аралыкта Ж.Ниязов атындагы облустук мектеп-интернаттын окуу бөлүмүнүн башчылык кызматын аркалаган.
Гуласал Садырбаева «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү болуп, 2010-жылы парламенттик шайлоого катышып, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон.
Белгилей кетсек, Гуласал Садырбаева коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дооронбек Садырбаевдин карындашы.