• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Эл аралык издөөдө жүргөн адам кармалды

16 Баш оона 202420:02 Бишкек Govori.TV

Орусиянын 1967-жылы туулган Л.В. аттуу жараны Кыргызстандын чек арасынан өтүүгө аракет кылып жатканда атайын органдар тарабынан кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда бул жаран 2022-жылдан бери Эл аралык кылмыш иликтөө полициясы (Интерпол) тарабынан издөөдө жүргөн.

«Ал Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан аталган өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин 226.1-беренесинде (курал-жарактын контрабандасы, ошондой эле курал-жаракты же аскердик техниканы түзүүдө колдонулушу мүмкүн болгон чийки зат, материалдар, жабдуулар, технологиялар, илимий-техникалык маалымат) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн»-деп айтылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 192