• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Эл аралык издөөдө жүргөн жаран Кыргызстанда кармалып, Кытайга өткөрүлүп берилди

27 Чын куран 2021 16:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан экономикалык кылмыштуулукка шектелген жаранды Кытайга өткөрүп берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин экономикалык чөйрөдөгү алдамчылык боюнча жазык жоопкерчиликке тартуу үчүн, Кытайдын жараны Ян Янхуэйди өткөрүп берүү жөнүндөгү суроо-талабы канааттандырылды.

Ушул жылдын февраль айында Чүй облусунун аймагында ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы Интерполдун кызматкерлери менен бирге эл аралык издөөгө алынган жаранды кармашкан.

Аны Кытайга өткөрүп берүүнү уюштуруу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына тапшырылган.

23-апрелде Ян Янхуэй «Торугарт—авто жол» чек ара посту аркылуу Кытайдын компетенттүү органдарына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 97