• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Эл аралык издөөдө жүргөн жаран Оштон кармалды

16 Жалган куран 202312:55 Бишкек Govori.TV

Эл аралык издөөдө жүргөн Россиянын жараны Ош шаарынан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-мартта Россиянын 28 жаштагы Х.Р.Ж. аттуу жараны ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча кызматкерлери тарабынан кармалган.

Ал Ингушетиянын Малгобек районунун аймагында кылмыш (ири өлчөмдөгү алдамчылык) жасагандыгы үчүн эл аралык издөөгө алынган.

11-мартта Х.Р.Ж. Ош шаардык сотунун чечими менен №5 тергөө абагына бир айга камалды.

Количество просмотров: 48