• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Эл артисти Калыйбек Тагаевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат

17 Аяк оона 20209:54 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор Калыйбек Тагаев каза болду. Маалыматты маркумдун жакындары ырастады.

Калыйбек Тагаев узакка созулган оорудан улам көз жумган. Ал 80 жашта болчу. Композитордун сөөгү, 18-сентябрь күнү Бишкекте «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Калыйбек Тагаев Ат-Башы районунун Бирлик айылында 1940-жылы 14-апрелде туулган.

Обончу-композитор жараткан 120дан ашык обондун көпчүлүгү жарым кылымдан ашык убакыттан бери эл оозунан түшпөй ырдалып келет.

Количество просмотров: 62