• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Элдик кошуундун үч миңдей мүчөсү сыйланды

3 Жетинин айы 2020 16:45 Бишкек Govori.TV

3-ноябрда Ички иштер министрлиги 5-октябрдагы окуялардан кийин Бишкек шаарындагы коопсуздукту сактоого катышкан ыктырдуу элдик кошуундун үч миңге жакын мүчөсүнө сыйлык тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алар «Шериктеш», «Кыргыз милициясына 95 жыл» медалдары менен жана Ички иштер министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланды.

Салтанаттуу иш-чарага Ички иштер министринин орун басарлары, милициянын генерал-майору Мирлан Каниметов, милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов, милициянын полковниги Эркебек Аширходжаев, ЫЭКнын өкүлдөрү, Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери катышты.

Эске салсак, Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы башталган нааразылык акциялары башаламандыкка айланып, бийлик алмашуу менен аяктаган. Борбордо талап-тоноолорду алдын алып, кырдаалды жөнгө салуу үчүн элдик кошуундар түзүлгөн.

Количество просмотров: 94