Коронавируска байланыштуу Кыргызсданга өзгөчө абал режими киргизилгенине бүгүн туура 6 күн толду. Вирустун мындан ары жайылышына жол бербөө максатында белгилүү адамдар тарабынан социалдык тармактарда видео кайрылуулар жасалууда. Алардын ичинен эстрада ырчылары үйдө отурган жарандарга дем күч берип, социалдык баракчалары аркылуу жана өз үйлөрүнүн терезелеринен концерт коюп баштады.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков короодогу кошуналарынын маанайын көтөрүп, терезеден күйөрмандарына жандуу үн менен ыр аткарып жатканын инстаграм баракчасына жарыялады.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Республикалык Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси Бек Борбиев кыргыз ырчы мырзаларына ыр кесе сунган эле.
Ал эми 27-март күнү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев инстаграм баракчасында түз эфирден концерт берип, эртеси коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын үйүнүн балконуна чыгып ырдаган болчу.