Бүгүн, 3-декабрда Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg редакциясына берген маектери камтылган китептин бет ачар аземи өтүүдө.
Аталган иш чарага убагында убактылуу өкмөттү жетектеген Роза Отунбаева, мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев баштаган көптөгөн саясатчылар, депутаттар катышып жатат.
«Текебаев менен болгон маектер» китебинде акыркы бир жыл ичинде “Elgezit” порталына берген маектери, ар кандай маселелер боюнча пикирлери жана ал тууралуу айрым макалалар топтолгон.