Ханыша Елизавета II 9-сентябрда Евробиримдиктен келишимсиз жана мыйзам чыгаруучулардын макулдугусуз чыгууга тыюу салган мыйзамга кол койду.
Мыйзам өкмөттү 18-октябрда өтө турган Еврокеңештин жыйынында Евробиримдик менен келишимге жетишүүгө умтулууга милдеттендирет. Reuters маалымдагандай, эгер бул сунуш Брюссель тарабынан четке кагылса, Британиянын премьер-министри Брекзит жараянын 2020-жылдын 31-январына жылдырууну өтүнүшү керек.
Башында Британия Евробиримдиктин курамынан 2019-жылы 29-мартта чыгууну пландаган. Бирок шаркеттен чыгуу шарттары бул мөөнөткө карата даяр болгон эмес. Евробиримдиктин апрелде өткөн кезексиз саммитинде уюмга мүчө 27 өлкө Лондонго 31-октябрга чейин убакыт берген.
Премьер-министрлик кызматка жаңы киришкен Борис Жонсон 31-октябрга чейин Британия Еврошаркет менен атайын келишим түзсө да, түзө албай калса да уюмдун курамынан чыга турганын жарыялаган.
Бул арада Британия парламенти октябрдын ортосуна чейин эс алууга кетти.