• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Элмирбек Иманалиевдин “Аманат” поэтикалык жыйнагы Казак тилине которулду

29 Жетинин айы 2022 16:20 Бишкек Govori.TV

КР эл артисти, таланттуу төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиевдин казак тилинде чыккан «Аманат» аттуу китебинин бет ачары Казакстандын Алматы шаарындагы Улуттук китепканасында өтүп жатат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.


Иш-чарага кыргыз-казактын белгилүү акын-жазуучулары, төкмө акындары, КР Маданият министирлигинин өкүлдөрү катышып, Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгы, эки элдин маданий байланышы тууралуу сөз сүйлөштү.


Китепти казак тилине белгилүү казак төкмө акыны, филология илимдеринин кандидаты Айбек Калиев которгон.


Элмирбек Иманалиев төкмө акын жана обончу катары эки элге бирдей белгилүү болуп келген болсо, эми мындан ары анын керемет поэзия саптары казак окурмандарына да жетип, көп кырдуу өнөрүнүн дагы бир өңүтү ачылып олтурат.


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошовдун демилгеси менен ар бир чыгып сүйлөгөн инсан Элмирбек Иманалиевдин бирден ырын окуп беришүүдө. Ошондой эле, кыргыз-казак акындары Элмирбек Иманалиевди төгүп ырдап эскеришсе, белгилүү казак-кыргыз ырчылары Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырларынан ырдашты.

Количество просмотров: 507