• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Эльвира Сурабалдиева аны коркуткан саясатчынын атын ачык атады

1 Бирдин айы 2019 14:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 01.02.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева биринчи жолу аны коркуткан саясатчынын атын ачык атады. «Азаттыктын» «Секреты власти» аталышындагы берүүсүнө курган маегинде Сурабалдиева 2005-жылы анын дарегине карата ошол кездеги бийлик өкүлү тарабынан жасалган мамиле тууралуу ачык айтып берген.

Маектин жүрүшүндө 2005-жылдын 10-июнь күнү атасы каза болгонун, андан кийин дароо эле алардын бизнесине, «Кудайберген» базарына жана башка ишканаларына ар кандай текшерүүлөр башталганын айткан.

«Атамды өлтүрүп кеткени аз болгонсуп, жок дегенде 7 күн күтө турушпайбы деген реакция болду. Мен 13-июнь күнү Жогорку Кеңешке бардым. Себеби атамдын жердеши компанияларыбыздын бирин тартып алганы жатат деген кабар түшкөн. Мен ошол адамга бардым. Ал мага «Жакшылыкча бер, колуңдан эч нерсе келбейт, баары бир тартып алам. Мен депутатмын, а сен эч ким эмессиң» деген жоопту берди. Бул Бакиевдерге чейинки мага карата биринчи сокку болгон», — дейт Сурабалдиева суроолорго жооп берип жатып. Ошондой эле ал өз сөзүндө мындай коркуткан сөздөрдү айткан адам кыргыз элинин белгилүү саясатчысы Темир Сариев экенин ачыктады.

Буга чейин Сурабалдиева атасынын өлүмү, андан кийинки коркутуулар тууралуу айтканы менен, алардын ким экенин ачык айтчу эмес.

Булак: super.kg

Количество просмотров: 51