• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Элвира Сурабалдиева октябрь окуялары боюнча суракка алынды

23 Кулжа 2021 10:47 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева 2020-жылдын октябрь айындагы окуялар боюнча суракка алынды. Бул тууралуу Сурабалдиева өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Эмне жөнүндө сурашты? Менин октябрдагы окуялар боюнча көз карашымды. Тиешелүү органдарда, прессада аудио, видеолор жана ошол күндөрү жүргүзгөн түз эфирлерим бар болгондуктан кошумча эч нерсе деле айта алган жокмун. Жөн гана ошол күндөрү жасаган аракеттеримди жана айткан сөздөрүмдү тастыктадым», — деп жазды Сурабалдиева.

Ал бул айда эки жолу суракка чакырылганын, 10-июнда 2017-жылы ноябрь айында Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча прокуратурага суракка барганын кошумчалады.

Количество просмотров: 98