• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Эми ооруканалар бейтапта ОРВИнин же пневмониянын белгилери болсо, ПЧР-анализи жок эле кабыл алат

29 Кулжа 2020 12:04 Бишкек Govori.TV

Ооруканалар ПЧР тесттин жыйынтыгы жок болсо да бейтаптарды кабыл алат. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги айрым алгоритмдерди өзгөрттү.

«Ага ылайык, эгерде жарандын дене табы 38°Стан ашса, пневмониянын белгилери болсо, ал ПЧР-тесттин жыйынтыгын күтпөстөн, атайын даярдалган ооруканага кабыл алынат. Ошондой эле бир катар медициналык мекемелерде кырдаалга байланыштуу коронавирус менен ооруган бейтаптарга кошумча орундар ачылды», — деди ал

Количество просмотров: 211