• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Эмомали Рахмондун куда-сөөгү башкарган бизнес тармагы солгундап, ар түрдүү объекттери сатылып баштады

23 Аяк оона 2019 6:48 Бишкек Govori.TV

Тажик президенти Эмомали Рахмондун куда-сөөгү башкарган бизнес тармагы акыркы маалда солгундап, Дүйшөмбүдөгү ар түрдүү объекттери сатылып жатканы белгилүү болду.

«Eurasinet» басылмасы Чехияда чыккан «Akhbor» сайтына таянуу менен Рахмондун кудасы сатып жаткан ири бизнес жайлары тууралуу маалымат чыгарды. Тажик президентинин кызы Заринанын кайнатасы Бег Сабур башкарган компания сентябрь айында Душанбенин чок ортосундагы алты кабаттуу мейманкананы базар баасынан арзан, 500 миң долларга сатып жиберди. Бул имарат эки ай мурда курулган.

Сабурдун уулу башкарган «Минионс» аттуу балдардын ири оюн зоок борбору алты ай мурда жабылып, азыр жаңы кожоюндары иштеткени турат. Сабур башында турган, өлкөнүн телекоммуникация тармагы үчүн курулган 30 кабаттуу имаратты да былтыртан бери кара кулпу кайтарууда. Бул имараттын мамлекеттик деген статусу болгону менен ачылгандан бери эле Сабурдун жетегинде болчу.

Август айында Дүйнөлүк банк Рахмондун кудасы Сабурду Тажикстандын телекоммуникация тармагын өнүктүрө албай, сенек кылып салганын жазып чыкканы менен далилдүү жүйөлөрдү келтире алган эмес.

«Akhbor» сайты Сабур жетектеген корпорациялар азыр каржылык кыйынчылыкка туш болгонун божомолдойт.

Жакында эле Эмомали Рахмон Кулябдагы Сабурдун ишканасы курган 13 кабаттуу имараттын ачылышына барып, анын сапатсыз курулганын сындаган. Ушундан улам анын кан кудасынын ишканалары азыр оор абалда экенин байкаса болорун божомолдогон басылма Рахмондун дагы бир күйөө баласы Шамсулло Сохибов жетектеген долбоорлор да ишке жарабай калганын мисал келтирет. Тажикстанда алюминий чыгарган «Талко» ишканасы 2007-жылдан бери каржылык каатчылыктан кыйналууда. Сохибов аны башкара албай калганы айтылып келет. Буга кошумча Сохибовдун Куляб шаарында байлар үчүн салынган 4 миллион доллардык «Париж» комплекси банкрот болгонун маалымдайт «Eurasinet».

Количество просмотров: 71