• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу. Депутаттар мыйзам долбоорун колдошту

4 Бештин айы 2023 16:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-декабрдагы Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын аймагына энергетикалык ичимдиктерди ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатыкка чыгарууга жана сатууга тыюу салуу жөнүндө” жана “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов тарабынан демилгеленген.

Демилгенин автору белгилегендей, мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоого, энергетикалык суусундуктарды керектөөнүн кесепеттеринен келип чыккан ооруларды кыскартууга багытталган.

«Энергетикалык суусундуктар – бул адамга энергия берип, анын физикалык же психикалык ишмердүүлүгүн жогорулатууга арналган суусундуктар. Алар нерв системасынын күчүнүн убактылуу көтөрүлүшүн жана толкундануусун жаратат. Энергиялык суусундуктар кыянаттык менен пайдаланганда өтө кооптуу болушу мүмкүн. Кофеиндин оор дозалары жүрөктүн олуттуу көйгөйлөрүнө алып келет жана анын көмүр кычкыл газы жана кант менен айкалышы ашказан жана боор үчүн коркунучтуу. Ал тургай, энергияны сейрек колдонуу аритмияга жана башка көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн. Өзгөчө бул жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары менен ооруган адамдар үчүн тиешелүү болуп саналат», — деди.

Улан Бакасов Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды жашы жете электерге сатууга тыюу салынып, жаш муундар үчүн жетиштүү чектелбей жатканын кошумчалап: «Бирок, Кыргыз Республикасынын бойго жеткен жарандары арасында энергетикалык суусундуктарды керектөө маселеси сакталууда. Көбүнчө мындай суусундуктарды ичип, ден соолугуна кандай коркунуч туудурарын билишпейт. 18 жашка чейинки балдарга, кош бойлуу жана эмчек эмизүү учурунда, ошондой эле нерв толкундануусу, уйкусуздук, артериялык гипертензия менен жабыркаган адамдарга колдонуу сунушталбайт», — деди.

Андан соң эл өкүлү энергетикалык суусундуктардын курамындагы кофеин, таурин, карнитин жана башка заттардын зыян таасирине кеңири токтолду. «Жогоруда айтылгандардын бардыгынан биз энергетикалык суусундуктар эч кандай кереметтүү күчкө ээ эмес, тескерисинче, алар денени гана сыгып, анын ишин кайра-кайра стимулдайт деген тыянак чыгарууга болот», — деп баяндамасын жыйынтыктады.

Талкуу маалында, комитет мүчөлөрү сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорун колдоп, бул демилге калктын, өзгөчө жаш муундун ден соолугун коргоого багытталганын баса белгилешти.

Алсак, депутат Айбек Маткеримов энергетикалык суусундуктардын зыяндуулугу боюнча улуттук изилдөөлөр жүргүзүлгөнбү деген суроону узатты. Буга саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева бул багытта эч кандай изилдөөлөр жүргүзүлбөгөнүн, расмий статистика жок экенин маалымдап, ошол эле учурда министр аталган суусундуктардын терс таасири тууралуу илимий далилдер бар экенин кошумчалады.

Ал эми комитет төрайымы Винера Раимбачаева анын медициналык практикасында энергетикалык суусундуктарды ичкенден кийин жүрөк оорулары менен кайрылуулар көп кездешкенин белгиледи. Муну менен катар, эл өкүлү энергетикалык ичимдиктерди ташып келүү тартиби боюнча маселелерди тактады. Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов 2014-жылы кабыл алынган техникалык регламентке ылайык, энергетикалык суусундуктарды ташып келүүгө тыюу салууга жол берилерин билдирип, бирок тыюу салуу мөөнөтү 6 айдан ашпаш керек деди. Ошондой эле кант диабети менен ооруган балдардын саны жыл сайын өсүп жатканын айткан В.Раимбачаева, энергетикалык суусундуктардын курамында түрдүү стимуляторлордон тышкары кумшекер да өтө көп экенин белгилеп, бул маселени тыкыр иликтөөгө чакырды.

Жыйынтыгында сунушталып жаткан мыйзам долбоорлору биринчи окууда жактырылды.

Андан тышкары, “Кыргыз Республикасынын аймагында никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларын жана электрондук тамекилерди колдонууга тыюу салуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Количество просмотров: 71