Кыргызстанда окуучулардын кышкы каникулу аяктап, 3-чейрек эртең, 12-январда башталат. Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдө окуу процесси кадимки тартипте улана турганын билдирди.
«Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыккан. Ошол эрежелер сакталышы шарт. Эгерде кайсы бир аймакта эпидемиологиялык кырдаал начарлап кете турган болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана санэпидемкөзөмөл тиешелүү чечимдерди кабыл алат»,-деп билдиришти мекемеден.
Эске салсак, окуучулардын кышкы эс алуусу 31-декабрдан 11-январга чейин созулду. Республикада быйылкы окуу жылы 15-сентябрда башталды. Андан улам, жылда салтка айланган каникул күндөрү да жылдырылууда. 2021-2022-окуу жылында жалпы билим берүү уюмдарында сабактар 2022-жылдын 8-июнунда аяктайт.