Азыркы учурда эл аралык каттамдарды жандандыруу үчүн бир катар мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымында, эпидемиологиялык абал жакшы жакка өзгөрсө биринчи иретте Россия,Түркия жана Арабия өлкөлөрүнөн келе турчу каттамдарга уруксат берилет.
“Эл аралык авиакаттамдарын жандандыруу боюнча штабдын чечими бар. Өзүңүздөр билгендей, тышкы каттамдар эки тараптан чечилчү маселе. Азыркы учурда атайын кызматтар, Тышкы иштер министрлиги башка мамлекеттер менен мурунку жүргүзүлүп жаткан каттамдардын кайсынысы биринчи жандандырылары тууралуу тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Эпидемиологиялык абал жакшырып, туруктуу болсо, эл аралык каттамдарды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алабыз. Биринчи иретте каттамдар Россия, Түркия, Бириккен Араб Эмирликтери тараптан жүргүзүлөт”, — деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.