• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имараттарынын жаңы комплекси ачылды

17 Бештин айы 2019 10:31 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-декабрда, Сауд Арабиясына болгон расмий визитинин алкагында Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясындагы Элчилигинин имараттарынын жаңы комплексине анын ачылышына байланыштуу барды.

Ачылыш аземине Эр-Рияддын Губернатору, Ханзаада Фейсал Бин Бандар аль Сауд, Кыргызстандын расмий делегациясынын мүчөлөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Сауд Арабиясында жашаган мекендештер катышты.

Улуттук гимндин коштоосунда Кыргыз Республикасынын туусу салтанаттуу көтөрүлдү.

«Кудайдын буйругу менен, Эки ыйык Мечиттин камкорчусу, Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдел Азиздин жеке көзөмөлү менен Эр-Рияддын кичинекей бөлүгүнө айланган элчилигибиздин жаңы имаратынын түндүгүн көтөрүп жатабыз. Кыргыз желеги желбиреп, тарыхый окуяга күбө болуп отурабыз. Бүгүнкү күн баарыбыздын жүрөгүбүздөн орун алып, дайыма эсте калат деп ишенем. Баарыңыздарды ушул кубаныч менен чын дилимден куттуктайм», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент бул Элчилик эки өлкөнү байланыштырган көпүрө гана эмес, бекем өнөктөштүктүн далили экенин белгиледи.

«Тарыхый булактарга ылайык, байыркы араб саякатчылары миң жыл мурда кыргыз эли жана анын жерлери жөнүндө жазууларды калтырышкан. Демек, бул эки элдин ортосундагы байланыш байыртадан бери болгонун далилдеп турат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Сауд Арабиясы араб өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп Кыргызстандын көз карандысыздыгын таанып, дипломатиялык мамилелерди орнотконун эске салды. Учурдан пайдаланып, эки Ыйык Мечиттин камкорчусу, Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Саудга эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кошкон чоң салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал анын расмий визити өлкөлөр ортосундагы мамилелердин күчөшүнө жана алардын өнүгүшүнө көмөктөшөрүнө ишеним билдирди.

Количество просмотров: 123