• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу кызматкеринин «чет элдик агенттердин» тизмесине киргизилишин айыптоодо

16 Теке 2021 11:41 Бишкек Govori.TV

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай «Радио Свободанын» журналисти Елизавета Маетнаяны «чет элдик агенттердин» тизмесине киргизүү тууралуу орус бийлигинин чечимине тынчсыздануусун билдирди.

«Биздин кызматкерлер – Орусиянын чыныгы патриоттору. Алар өздөрүнүн кесибин аудиторияга объективдүү жана такталган маалыматтарды жеткирүү үчүн колдонуп жатышат. Кремлдин көз карандысыз журналисттерге карата күчөп жаткан чабуулу орусиялыктарды маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жатат», – деди Флай.

15-июлда Маетнаядан тышкары «чет элдик агенттердин» тизмесине орусиялык дагы жети журналист киргизилген.

Орусияда бүгүнкү күнгө карата “Чет элдик агент — ЖМКлардын” тизмесинде 28 жеке жак жана редакция бар. Алардын арасында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун төрт кызматкери жана орус тилдүү 10 долбоору бар.

Быйыл январдан бери «Чет элдик агенттер» тууралуу мыйзамды, тактап айтканда Роксомнадзордун материалдарды маркировка кылуу жөнүндөгү көрсөтмөсүн аткарбаганы үчүн «Радио Свободага» 650 административдик жаза протоколдору түзүлгөн. Буга байланыштуу медиа мекеме менен анын жетекчилигине салынган айып пулдун өлчөмү 150 миллион рублдан ашты.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу Орусиядагы “Чет элдик агент — ЖМКлар тууралуу” мыйзамды репрессивдүү деп эсептеп, анын медиакорпорациянын долбоорлоруна карата колдонулушу боюнча Адам укуктары боюнча Европа сотуна арызданган.

Количество просмотров: 102