Бишкекте 24 жаштагы жигит өзүнө-өзү кол салып, өмүрүн кыйды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 4-сентябрда таңкы саат 05:00 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Эркиндик бульварынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды деген билдирүү келип түшкөн.
Милиционерлер окуя болгон жерге барганда маркум 1996-жылы туулган М.М. аттуу жаран экендиги аныкталган. Сөөктү текшерүү учурунда денеге залал келтирүү, зомбулуктун белгилери табылган эмес.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.