• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Эрназар Иманкадыр уулунун 388 миң сом айлык алганы айтылды

31 Бугу 2019 14:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.05.2019.Govori.TV.

Бүгүн депутаттык комиссиянын отурумунда «КТ Мобайлдын» жетекчисинин орун басары Эрназар Иманкадыр уулунун айлыгы тууралуу сөз козголду. Эсеп палатасынын өкүлү депутаттын суроосуна жооп берип жатып Иманкадыр уулу март айында 388 000 сом айлык алганын айтты.

Анын маалыматына ылайык, айлык квартальный жана башка төлөмдөрдү түзөт.

Ал эми 30-майда “КТ Мобайл” компаниясынын директорунун мурдагы орун басары Эрназар Иманкадыр уулу компаниядан алган айлыгым деп 787 миң сом кайтарып берген.

Эске салсак, буга чейин коомчулукта «КТ Мобайлдын» жетекчилери 350миң сом айлык алышат деген маалымат тараган. Жетекчинин орун басары 350 миң сом эмес 157 миң сом айлык алышаарын айткан.


Количество просмотров: 11