• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Эртең 4 миң 300 абоненттин электр энергиясы дистанциондук түрдө өчүрүлөт

28 Жетинин айы 2022 12:33 Бишкек Govori.TV

Эртең, 29-ноябрда “акылдуу” эсептегичтер Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 4 миң 300 турмуш-тиричилик жана турмуш-тиричилик эмес абоненттердин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрөт.

Чүй электр тармактар ишканасы билдиргендей, ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн компания абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

Белгиленгендей, Чүй электр тармактар ишканасынын сайтында “Абоненттин балансы” рубрикасы иштеп келет. Анын жардамы менен бардык абоненттер өздүк эсебин каалаган учурунда биле алышат.

“Мындан сырткары, абоненттер өз эсебин 1209, 0772/0702/0556 00 12 09 номурундагы күнү-түнү иштеген чалуу-борборуна чалып, же болбосо 0556 001209 номурундагы WhatsApp тиркемесине жазып биле алышат”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 7760