Эртең, 16-мартта Бишкек шаарынын айрым жерлеринде суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-мартта саат 9.00дөн 20:00гө чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен чектелген аймакта, ошондой эле Алтын Ордо, Кара-Жыгач, Полиция шаарчасы конуштарында суу өчүрүлөт.
Мэриядан белгилешкендей, суу турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде болбойт.
Суу берүү «Контррезервуар» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.