• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

4 Кулжа 202412:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясы тараткан маалыматка ылайык, эртең, 5-июнда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Байтик баатыр – Элебаев – Кулатов көчөлөрү, Геологиялык чолок көчөсү – Лев Толстой – Жукеев Пудовкин (Горький көчөсүнөн төмөн) – Матросов – Ибраимов көчөлөрү менен чектешкен жерде суу берүү өчүрүлөт.

Бул убакта «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы шаардын суу түтүктөрүн оңдоо иштерин пландоодо.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана шаар тургундарын ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Количество просмотров: 98