• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

26 Бугу 202516:04 Бишкек Govori.TV

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең, 27-майда саат 10:00дөн 22:00гө чейин
Ахунбаев – Тыналиев – Курчатов – Миңжылкиев көчөлөрү чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.

Суу объектилерди өрт өчүрүү үчүн зарыл болгон шаймандарга туташтыруу иштерине байланыштуу токтотулмакчы.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекемелерди, калкты алдын ала ичүүчү суу менен камсызданып алууга чакырат.

Количество просмотров: 180