• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

26 Кулжа 202516:22 Бишкек Govori.TV

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең, 27-июнда саат 10:00дөн 20:00гө чейин
11-кичи району – Көк-Жар кичи району – Улан кичи району жана Кара-Дарыя көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу берүү токтотулат.

Ичүүчү суу 11-кичи райондогу суу түтүгүндө оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Количество просмотров: 147