Эртең, 13-апрелде саат 9:00дөн 21:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бул күнү «Батыш-2» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешет:
Ала-Арча дарыясы — Жибек Жолу проспектиси- темир жол линиясы-Жаш Гвардия бульвары;
Жаш Гвардия бульвары-темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү — Манас проспектиси;
Д.Сяопин проспектиси — Ала-Арча дарыясы – Бөкөнбаев көчөсү – Кулиев көчөсү – Москва көчөсү – Фучик көчөсү – Казаков көчөсү.