• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө суу жок болот

15 Баш оона 2023 9:27 Бишкек Govori.TV

Эртең, 16-августта Бишкектин айрым жерлеринде суу жок болот. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Маалыматка ылайык, саат 10:00дөн 18:00гө чейин Месароша көчөсү, Фучик көчөсү, Д. Сяопин проспектиси, Профсоюз көчөлөрү менен чектелген аймакта суу болбойт.

Ичүүчү сууну өчүрүү абоненттерди Тверская көчөсүндөгү жаңы суу түтүгүнө кайра туташтырууга жана диаметри 150 мм болгон басым бурама тээгин орнотууга байланыштуу.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Количество просмотров: 126