• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эртең борбордун айрым жерлеринде суу болбойт

16 Тогуздун айы 202311:35 Бишкек Govori.TV

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эртең, 17-октябрда саат 9:00дөн 22:00гө чейин Алыкулов көчөсү — ЧЧК — Ала-Арча суусу — Лев Толстой көчөсү, Юбилейная көчөсү – Горький көчөсү (Прогородное айылы) – Садовая көчөсү (Прогородное айылы) — ЧЧК менен чектешкен аймакта, ошондой эле “Аскер шаарчасы”, “Кызыл Аскер”, 110-квартал конушу, Достук кичирайонунда суу өчүрүлөт.

Суу “Батыш” суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу өчүрүлмөкчү.

Количество просмотров: 185