• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Эртең Жеңиш конушунда суу өчөт

14 Бирдин айы 2024 18:12 Бишкек Govori.TV

 Эртең Бишкектин Жеңиш конушунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-февралда саат 9:00дөн 15:00гө чейин Жениш конушунда турак үйлөрдө, социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Суу «Жеңиш» суутоптомолору жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды сурайт.

Количество просмотров: 60