Күн мурун Кыргызстан менен Кувейттин футбол курама командалары жолдоштук беттеш өткөрүштү. Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, оюндун жүрүшүндө «Ак шумкалар» атаандаштарын 3:1 эсебинде жеңип алды.
Биринчи голду оюндун 43-мүнөтүндө Гүлжигит Алыкулов киргизсе, андан кийин эки топту Жоэл Кожо атаандаштын дарбазасына киргизген.
7-сентябрда Кыргызстандын курамасы эмираттык «Аль-Наср» клубу менен жолдоштук беттеш өткөрүп, 1:0 эсебинде жеңилип калган.