• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Эсептөө палатасынын инспектору Токой чарба агенттигиндеги финансылык мыйзам бузууларды жашырганбы?

30 Теке 2019 14:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.07.2019.Govori.TV.

Эсептөө палатасынын башкы инспектору А.Н., кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактысы аныкталды. УКМК билдиргендей, ага Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигиндеги кызматкерлер тарабынан финансылык мыйзам бузууларды жаап жашырган деген айып коюлууда.

УКМК Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн 2019-жылдын 25-июнундагы токтомуна ылайык, инспекторго жогорудагы мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерине 2019-жылдын январь-май айларынын аралыгындагы эмгек акыларды жана башка төлөмдөрдү эсептөө ошондой эле кызматтык транспорт боюнча акча төлөмдөрүнүн негиздүүлүгүн текшерүү дайындалган.

Натыйжада, А.Н., мамлекеттин кызыкчылыгына каршы, өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, текшерилүүчү кызматкерлердин бюджеттик каражатты, каржылык мыйзам бузууларды атайын жашырган. Ушуну менен бирге мамлекеттик аудит өткөрүү боюнча мыйзамды бузуп А.Н. документтердин копиясына таянып корутунду чыгарганы аныкталган.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2019-жылдын 27-июнунда Эсептөө палатасынын башкы инспектору А.Н., га карата кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен убактылуу кармоочу жайына бир айга камалды.

Количество просмотров: 31