• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

«Эсиң барда этегиңди жап». Бекназаров Атамбаевге кайрылды

9 Тогуздун айы 2020 19:31 Бишкек Govori.TV


Бүгүн, 9-октябрда Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоду.

Анын айтымында, Атамбаев өмүрүндө тарыхый жакшы иш кылып легитимдүү бийликке жардам бериши керек.

«Алмаз Шаршенович Атамбаев сен экөөбүз далай тарыхый кыйынчылыктарда, төгүлгөн кан арасында жүрдүк, азап-тозок тарттык. Менин бүгүн сага айтаарым: «эсиң барда этегиңди жап». Сен экөөбүзгө апрель окуясы, өткөндө өзүң уюштуран августтагы кан азбы? Убагында сен мени канкор дедиң эле. Бүгүн элди алып чыгып, кылып жаткан аракетиң туура эмес. Сага каршы мен чыгам»,-деди Бекназаров.

https://www.facebook.com/dinara.ilyazova/videos/342375876876343/
Количество просмотров: 978