• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Эскертүү! Бишкек – Ош унаа жолу убактылуу жабылды

24 Кулжа 20249:10 Бишкек Govori.TV

Селдин кесепетинен Бишкек – Ош унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июнда аталган унаа жолдун 374-375-чакырымында катуу жамгырдан улам сел жүрүп, 6 аймактан таштар кулап, жолду эки тараптуу жаап калган.

ӨКМ мындан улам жарандарды 23-24-июнь күндөрү сапарга чыкпай турууну эскертет.

Учурда жерине 10 куткаруучу, 5 оор инженердик техника тартылып, тазалоо иштери башталды.

Ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 142