• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Фарид Ниязов 10-августка чейин камакта калды

5 Теке 202117:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду 10-августка чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Ниязовдун жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, Ниязов 10-августка чейин камакта калтырылды.

«Өткөндө райондук сот Ниязовдун баш коргоо чарасын 10-августка чейин узартуу боюнча чечим кабыл алган. Мен бул чечимге нааразы болуп, Бишкек шаардык сотко доо арыз менен кайрылгам. Бирок, шаардык сот да бул чечимди күчүндө калтырды»,-деп билдирген ал.

Белгилей кетсек, Фарид Ниязов Кой-Таш окуясынан тышкары Жазык кодексинин 264-беренеси (“массалык баш аламандыкты уюштуруу”) боюнча дагы айыпталып жатат.

Количество просмотров: 115