• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Фарид Ниязов 7-апрелге чейин камакта болот

10 Жалган куран 202116:20 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 10-мартта президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын карап, камактагы мөөнөтүн узартты. Кундуз Жолдубаева социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялаган маалымат боюнча, Фарид Ниязов СИЗО-1 абагында 7-апрелге чейин камакта болот.

Ал эми УКМКнын 9-кызматынын мурунку башчысы Канат Сагымбаевдин үй камагындагы мөөнөтү узартылды.

«Баш коргоо чарасы 9-октябрда «Ала-Тоо» аянтында болгон баш аламандыктарды уюштурууга байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча каралды», — деп түшүндүрдү К.Жолдубаева.

Количество просмотров: 101